Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан жер тилкени ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

07.07.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын  аймагынан жер тилкени  ижарага берүү максатында 2025-жылдын 7-августуна төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.

1-лот Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан 175,5 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 4933,0 сом.

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.

Конкурс 2025-жылдын 7-августунда саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар                  2025-жылдын 5-август,  саат 16:00 го чейин кабыл алынат.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги: Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35.

 

  Кароолор (83)