Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү максатында конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
27.06.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү максатында 2025-жылдын 31-июлуна төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.
1-лот. Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсүнүн №12 дарегиндеги 42,0 чарчы метр муниципалдык жер тилке, анын 30,0 чарчы метр жер аянтына эскиздик долбоорго ылайык заманбап аялдама, ал эми калган 12,0 чарчы метр жер аянтына соода түйүнүн куруп иштетүү шартында ижарага берилет.
Баштапкы ижара акысы айына 843,84 сом.
2-лот. Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад санаториясына чыгуучу жолдун жээгиндеги муниципалдык 400,0 чарчы метр жер тилке жеңил типтеги заманбап тез татым тамактануучу жай жана коомдук ажаткана куруу шартында ижарага берилет.
Баштапкы ижара акысы айына 17 532 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2025-жылдын 31-июлунда саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт.
Конкурска арыздар 2025-жылдын 25-июлу саат 16:00 чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги: Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35.