Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

22.09.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын  аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү максатында 2025-жылдын 23-октябрына төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

1-лот. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинен 48,0 чарчы метр жер тилкеси конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2532,0 сом.

7-лот. Жалал-Абад шаарынын М.Ботбаев көчөсүнөн 24,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта ижарага берилет.  Баштапкы ижара акысы  айына 891 сом.

9-лот. Жалал-Абад шаарынын М.Ботбаев көчөсүнөн 24,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта ижарага берилет.  Баштапкы ижара акысы  айына 891 сом.

10-лот. Жалал-Абад шаарынын М.Ботбаев көчөсүнөн 18,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта ижарага берилет.  Баштапкы ижара акысы  айына 668 сом.

14-лот. Жалал-Абад шаарынын Авиационный көчөсүнөн 200,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 7422 сом.

 

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.

Конкурс 2025-жылдын 23-октябрында саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2025-жылдын 22-октябрына чейин кабыл алынат.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги: Курманбек №6 көчөсү, жаңы мамлекеттик администрациясы, байланыш телефону 2-10-35.

 

  Кароолор (24)