Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
28.07.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү максатында 2025-жылдын 27-августуна төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.
1-лот.Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинен 48,0м2 жер тилкеси курулуш курууга мүмкүн болгон шартта ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2532 сом.
2-лот.Жалал-Абад шаарынын М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктын Эшме айылында жайгашкан 600,0 чарчы метр жер тилкесине мал сарай куруп, мал чарбасын өнүктүрүү шартында 25 жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет.Баштапкы ижара акысы айына 11808 сом
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2025-жылдын 27-августуна саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт.
Конкурска арыздар 2025-жылдын 26-август саат 16:00 чейин кабыл алынат. Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги: Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35.