Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

18.07.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын  аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү максатында 2025-жылдын 20-августуна  төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.

 1-лот.Жалал-Абад шаарынын М.Ботбаев көчөсүнөн 24,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта үч жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 891,0 сом.

2-лот.Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын №185 кварталынын З.Жамашев көчөсүндө жайгашкан 168,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси жана Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги “Санжыра этно борборунун” жанында жайгашкан 84,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси электр унааларын кубаттоочу станция орнотуу максатында жалпысынан 254,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси  ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына      8660,16 сом. 

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.

Конкурс 2025-жылдын 18-августуна саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт. 

Конкурска арыздар 2025-жылдын 18-августу  саат 16:00 го  чейин кабыл алынат.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги: Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35.

 

  Кароолор (51)