Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
23.06.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы, Жалал-Абад шаарынын аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү максатында 2025-жылдын 24-июлуна төмөндөгүдөй шартта тоорук жарыялайт:
1-лот.Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнөн 600,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулушу курууга мүмкүн болгон шартында 3 жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 22 266 сом.
2-лот. Жалал-Абад шаарынын М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктын Эшме айылында жайгашкан 1500,0 чарчы метр жер тилкесине мал сарай куруп, мал чарбасын өнүктүрүү шартында 25 жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 29 520 сом.
3-лот. Жалал-Абад шаарынын Э.Зияйдинов көчөсүнөн 90,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта 3 жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 1 771 сом.
4.Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүнүн №135а дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2158,0 чарчы метр жер тилкеси көп кабаттуу турак жай куруу үчүн төмөндөгүдөй шарттарда аукцион аркылуу берилет:
1.Курулган көп кабаттуу турак жайдын аукционго коюлуучу баштапкы пайыздык ченеми 18% менен белгиленет;
2.Эки жылдын ичинде көп кабаттуу турак жайдын курулушун бүтүрүү менен эксплуатацияга берип, тиешелүү батирлерди Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берет; Кол койгон: Бөрүкулов Ж.М., 20.06.2025 № 01-4/1167, 20.06.2025
3.Көп кабаттуу турак жайдын жер алдына автоунаа токтоочу жайы менен курат;
4.Заманбап балдар ойноочу аянтчасын курат;
5.Көп кабаттуу турак жайдын батирлерин жылуулук менен камсыздоо үчүн откана куруу менен аны муниципалдык менчикке өткөрүп берет;
6.Курулуучу көп кабаттуу турак жайга тиешелүү иш кагаздарын жеңүүчү тараптын эсебинен даярдайт;
7.Кепилдик төлөмү 1 000 000 (бир миллион) сомду түзөт. Конкурстун жана аукциондун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс жана аукцион 2025-жылдын 24-июлунда саат 14:00до Жалал Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт.
Конкурска жана аукционго арыздар 2025-жылдын 22-июлу, саат 16:00гө чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35.