Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
18.04.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан ижарага берилүүчү жер тилкелери боюнча 2025-жылдын 21-майына төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
1-лот.Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү №4а/1 дарегиндеги аянты 11578,60 чарчы метр жер тилкесине заманбап мектеп куруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 50749 сом.
2-лот. Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү 160,0 чарчы метр жер тилкеси ижара шартында пайдалануу үчүн 3 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 5938 сомду түзөт.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2025-жылдын 21-майында саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт.
Конкурска арыздар 2025-жылдын 20-майынын 16:00гө чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги:Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35