Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурастар башкармалыгы конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

28.03.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы,  Жалал-Абад шаарынын  аймагынан 38 жер аянтчаларына электрондук монитор жарнамаларын (LED экран)  орнотуу үчүн жер тилкелерин 5 жылдык мөөнөткө ижарага берүү максатында 2025-жылдын    30-апрелине,  төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

1-лот.Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинен 20 жер аянтчаларына, ал эми Курманбек көчөсүнөн 18 жер аянтчаларына электрондук монитор жарнамаларын орнотуу үчүн жер тилкелер ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына  304 000 сом.

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5%  өлчөмүндө комиссиялык жыйым  төлөөсү  шарт.

 Конкурс 2025-жылдын 30-апрелинде  саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң кеңешме залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2025-жылдын   29-апрели, саат 16:00гө чейин кабыл алынат.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 2-10-35.        

 

  Кароолор (74)