Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
26.03.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2025-жылдын 28-апрелине муниципалдык имараттарды ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
№1 лот. Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78 чарчы метр, жалпысы 237,52 чарчы метр түзгөн 2-кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки) сом.
№2 лот. Т.Байзаков проспектиси №42 дарегинде жайгашкан 1680 чарчы метр жер тилкесинде эски авариялык муниципалдык имараттарды сатуу үчүн конкурс жарыялайт. Эски имараттардын баштапкы баасы 361 758 (үч жүз алтымыш бир миң жети жүз элүү сегиз) сом.
№3 лот. Жалал-Абад шаарынны М.Исакулов №3 (эски төрөт үйү) дарегинде жайгашкан 57,4 чарчы метр түзгөн муниципалдык бөлмөлөр 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет.
Баштапкы ижара акысы айына 8000 (сегиз миң) сом. Жалал-Абад шаарынын Россия-Кыргызстан Достук эс алуу бактарынын ичиндеги жалпы аянтча 1025,1 чарчы метр түзгөн сезон мезгилине 1(бир) жыл мөөнөтү менен 1-март айынан баштап 1-ноябрь айына чейин 8 (сегиз) айга конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына:
№4 лот -1 футбол аянтчасын 934,6 м2 - 17746 сом,
№5 лот- 1 ажаткана 21 м2. - 1077 сом,
№6 лот- 1 ажаткана 4,5 м2. - 702 сом, № 01-7/353, 25.03.2025 Кол койгон: Эргешов С.К., 25.03.2025
№7 лот- 1 амфитеатр 65 м2- 1235 сом.
№8 лот. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги “Каныкей” соода борборунун жанында жайгашкан асма көпүрөнүн (түндүк жана түштүк) эки тарабына электрондук LED экран орнотуу үчүн 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет.
Баштапкы ижара акысы айына 20 000 (жыйырма миң) сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 20% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 28-апрелинде саат 11:00дө өтөөрү эскертилет.
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 25-апрелинде саат 10:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги: Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев №38, байланыш телефону 0776 36-92-03.