Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын  муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

11.01.2025

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын  муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

                   Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

-биринчи этап-документтерди кароо;

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

                           КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

Билими:

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:    

-жогорку билими бар.

1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: 

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.

Жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  •  “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

2) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн  жалпы  квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 

        Кесиптик компетенттүүлүгү

 1 Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

Турак жай жана коммерциялык эмес мүлктөр бөлүмүнүн башкы адис кызмат орунуна;

  • Кыргыз Республикасынын  Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 

          -Кыргыз Республикасынын  Жарандык Кодекси;

башкы адис-юрист кызмат орунуна;

  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси:
  •  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 
  • Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси.
  •  
  1. Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

• Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси:

  • Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси.

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
  • 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • ден соолугу боюнча № 086 тактама;
  • соттолбогондугу жөнүндө тактама;
  • паспорттун көчүрмөсү.

 Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gos.kg веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин кабыл алынат. 

Байланыш телефону 03722-5-58-02

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, Муниципалдык мүлк башкармалыгы.

 

 

  Кароолор (45)