Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

12.03.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын  муниципакызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн

ачык конкурс жарыялайт

  Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 

-биринчи этап-документтерди кароо;

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

 

Билими:

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:    

-жогорку билими бар.

1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:  

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  КРнын Мыйзамы;
  3. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  5.  “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  6. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

2) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн  жалпы  квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  3. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 

Кесиптик компетенттүүлүгү

 

   1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

Турак жай жана коммерциялык эмес мүлктөр бөлүмүнүн башкы адис кызмат орунуна;

  1. Кыргыз Республикасынын  Турак жай Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 

          -Кыргыз Республикасынын  Жарандык Кодекси;

башкы адис-юрист кызмат орунуна;

  1. Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси:
  2.  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 
  3. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси.

 

  1. Кенже административдик муниципалдык кызмат орунуна:
  2. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; 

• Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси.

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  1. конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  2. кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
  3. 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
  4. резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 
  5. өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  6. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  7. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  8. ден соолугу боюнча № 086 тактама;
  9. соттолбогондугу жөнүндө тактама;
  10. паспорттун көчүрмөсү.
  11. конверт

 

  Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gos.kg веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин кабыл алынат. Байланыш телефону 03722-5-58-02

 

             Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38

  Кароолор (45)