Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык автоуналарды сатуу үчүн аукцион жарыялайт:
Жарыяланган датасы:
10.01.2025
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык автоуналарды сатуу үчүн аукцион жарыялайт:
№1 лот. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин “ГАЗ-КО440-2” жараксыз автоунасы аукцион аркылуу сатылат.Автоунанын баштапкы баасы 10 950 (он миң тогуз жүз элүү) сом.
№2 лот. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин “Дофенг ХУА-Вейчи” жараксыз автоунасы аукцион аркылуу сатылат. Автоунанын баштапкы баасы 27 280 (жыйырма жети миң эки жүз сексен) сом.
№3 лот. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин “Дофенг Чушен 560” жараксыз автоунасы аукцион аркылуу сатылат. Автоунанын баштапкы баасы 25 880 (жыйырма беш миң сегиз жүз сексен) сом.
№4 лот. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин “Дофенг” жараксыз автоунасы аукцион аркылуу сатылат. Автоунанын баштапкы баасы 25 360 (жыйырма беш миң үч жүз алтымыш) сом.
№5 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2294DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 760 (отуз жети миң жети жүз алтымыш) сом.
№6 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2298DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 462 (отуз жети миң төрт жүз алтымыш эки) сом.
№7 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2295DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 223 (отуз жети миң эки жүз жыйырма үч) сом.
№8 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2281DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 282 (отуз жети миң эки жүз сексен эки) сом.
№9 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2297DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 641 (отуз жети миң алты жүз кырк бир) сом.
№10 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2284DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 521 (отуз жети миң беш жүз жыйырма бир) сом.
№11 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2291DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 023 (отуз жети миң жыйырма үч) сом.
№12 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2283DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 342 (отуз жети миң үч жүз кырк эки) сом.
№13 лот. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын “Ясин-JS6851H1” жараксыз автобус мам. номери 2287DA аукцион аркылуу сатылат. Автобустун баштапкы баасы 37 163 (отуз жети миң бир жүз алтымыш үч) сом.
Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукцион Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 11-февралында саат 11:00дө өтөөрү эскертилет.
Ачык аукционго катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 10-февраль саат 10:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктөрдү каттоо секторунда кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 2-28-66.