Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык имаратты ижарага берүү үчүн аукцион жарыялайт
Жарыяланган датасы:
20.02.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык имаратты ижарага берүү үчүн аукцион жарыялайт.
Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78м² болуп, жалпысы 237,52м² түзгөн 2-кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен 3(үч) жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы баасы 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки) сом.
Ачык аукционго катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 18-март саат 10:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат. Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 0770 42-66-06.