Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарыялайт.
Жарыяланган датасы:
22.09.2025
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык имараттарды ижарага берүү максатында 2025-жылдын 20-октябрына төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.
№1-лот. Жалал-Абад шаарынын аймагынан Т.Байзаков проспектиси менен Н.Айтматова көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер асты менен өтүүчү өтмөктүн №3-бөлмөсү 3 (үч) жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы баа 9000 (тогуз миң) сом.
№2-лот. Жалал-Абад шаарынын аймагынан Т.Байзаков проспектиси менен Н.Айтматова көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер асты менен өтүүчү өтмөктүн №12-бөлмөсү 3 (үч) жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы баа 9000 (тогуз миң) сом.
№3-лот. Жалал-Абад шаарынны М.Исакулов №3 (эски төрөт үйү) дарегинде жайгашкан 57,4 чарчы метр түзгөн муниципалдык бөлмөлөр 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 8000 (сегиз миң) сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 20-октябрь күнү саат 14:00дө өтөөрү эскертилет.
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 17-октябрь күнү саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Абдрахманова көчөсү №6 (жаңы административдик имарат), байланыш телефону 0776 36-92- 03.
Жогорудагы маалыматты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырып берүүнүздү суранабыз.