Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

10.09.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык имараттарды ижарага берүү максатында 2025-жылдын 8-сентябрна төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт. 

№1-лот. Жалал-Абад шаарынын Барпы №5 тупик-№13 көчөсүндө жайгашкан (болжол мурунку Ак-Бермет балдар үйү) турак жайга кирген жалпы аянты 122,8 чарчы метрди түзгөн 5 бөлмөлү батир, 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу төмөндөгү шарттары менен ижарага берилет:

1. Социалдык долбоор келсе имаратты мөөнөтүнөн мурун бошотууга. 

2. ДЦП менен ооруган балдардын ден соолугун чыңдоочу борборун ачууга. Баштапкы ижара акысы айына 8 201 (сегиз миң эки жүз бир).

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 20% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын жаны административдик имаратынын жыйындар залында 2025-жылдын 8-октябрь күнү саат 14:00дө өтөөрү эскертилет. 

Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 7-октябрь күнү саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат. 

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги: Жалал-Абад шаары Абдрахманов көчөсү №6, байланыш телефону 0776 36-92-03. 

Жогорудагы маалыматты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырып берүүнүздү суранабыз.

  Кароолор (11)