Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
26.05.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2025-жылдын 20-июнь айына муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
1 лот. Т.Байзаков проспект жана Ю.Абдырахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан муниципалдык “ЛЕД” электрондук экранды жарнактарды жайгаштыруу үчүн (1,92м*1,08м) 1 (бир) жылдык сыноо мөөнөтү менен конкурс аркылуу ижарага берилет.
Баштапкы ижара акысы айына 15000 (он беш миң) сом.
№2 лот. Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан муниципалдык “ЛЕД” электрондук экранды жарнактарды жайгаштыруу үчүн болжол Мир кинотеатрдын жанында (4,16м*1,6м) 1 (бир) жылдык сыноо мөөнөтү менен конкурс аркылуу ижарага берилет.
Баштапкы ижара акысы айына 15000 (он беш миң) сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 20-июнь саат 11:00дө өтөөрү эскертилет.
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 19-июнь саат 10:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
№ 01-7/625, 22.05.2025 Кол койгон: Эргешов С.К., 22.05.2025
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги: Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев №38, байланыш телефону 0776 36-92-03.