Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы аукцион жана конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
29.07.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык имараттарды ижарага берүү максатында 2025-жылдын 27-августуна төмөндөгүдөй шартта аукцион жана конкурс жарыялайт.
№1-лот. Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов №82 көчөсүндө жайгашкан (болжол Бахрейин шаарчасы) турак жайга кирбеген жалпы аянты 91,00 чарчы метрди түзгөн 2 бөлмөлү тигүүчү цех жана жаңы тигүүчү машиналар 10 (он) даана менен 3 (үч) жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 10 000 (он миң) сом.
№2-лот. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков атындагы эс алуу багында жайгашкан жалпы аянты 132,6 чарчы метрди түзгөн коомдук ажаткананы 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2401 (эки миң төрт жүз бир) сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 20% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 27-август күнү саат 14:00дө өтөөрү эскертилет.
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 26-август күнү саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги: Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев №38, байланыш телефону 0776 36-92-03.
Жогорудагы маалыматты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырып берүүнүздү суранабыз.