Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы аукцион жана конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

12.05.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2025-жылдын 28майында муниципалдык имараттарды ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта аукцион жана конкурс жарыялайт:

 №1 лот. Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78 чарчы метр, жалпысы 237,52 чарчы метр түзгөн 2-кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. 

Баштапкы ижара акысы айына 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки) сом. 

№2 лот. Т.Байзаков проспектиси №42 дарегинде жайгашкан 1680 чарчы метр жер тилкесинде эски авариялык муниципалдык имараттарды сатуу үчүн конкурс жарыялайт (буздуруу жана жер тилкесин тазалоо шарттары менен). Эски имараттардын баштапкы баасы 361 758 (үч жүз алтымыш бир миң жети жүз элүү сегиз) сом. 

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 28-майында саат 11:00дө өтөөрү эскертилет.

 Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 27-майынын саат 10:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.

 Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар. 

Дареги: Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев №38, байланыш телефону 0776 36-92-03.

  Кароолор (86)