Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы аукцион жана конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
28.04.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2025-жылдын 28-майына муниципалдык имараттарды ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта аукцион жана конкурс жарыялайт:
№1 лот. Жалал-Абад шаарындагы Ватутин кыска көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан 1 кабаттуу №12 “Жылмаюу” балдар бакчасынын эски имараттарын буздуруу жана жер тилкесин тазалоо шарттары менен аукцион аркылуу сатылат.
Курулуштун жалпы аянты 1178,8 чарчы метр. Баштапкы баа 564 620 (беш жүз алтымыш төрт миң алты жүз жыйырма) сом болду. Живпромзонада жайгашкан эски муниципалдык 3 сарай 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет:
№2 лот. 1-сарай 139,15 м2 - 4283 сом
№3 лот. 2-сарай 181,5 м2 - 5586 сом
№4 лот. 3-сарай 423,5 м2 - 13035 сом
№5 лот. Т.Тайгараев аймактык башкармалыкта турган муниципалдык менчиктеги кампаны 391 чарчы метр сезон мезгилине 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет.
Баштапкы баа 16047 (он алты миң кырк жети) сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2025-жылдын 28-майында саат 11:00дө өтөөрү эскертилет.
№ 01-7/540, 25.04.2025 Кол койгон: Эргешов С.К., 25.04.2025
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 27-майынын саат 10:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги: Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев №38, байланыш телефону 0776 36-92-03.
Жогорудагы маалыматты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырып берүүнүздү суранабыз.