Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү имараттагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү, муниципалдык турак үйдүн үстүнө кошуп куруу жана муниципалдык аялдамалардын жер тилкелерин ижарага берүү боюнча аукцион жарыялай
Жарыяланган датасы:
26.06.2023

No1 лот. Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жайгашкан
муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78 чарчы метр ал эми
кошумча аянты 117,74 чарчы мтер болуп жалпысы 237,52 чарчы метрди түзгөн
2-кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен аукцион
аркылуу жарыяга берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы
баасы 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки)сом.
No2 лот. Жалал-Абад шаарынын Промзона аймагында жайгашкан
сарайдын 366,0 чарчы метрди түзгөн Г бөлүгүн убактылуу 5(беш) жылдык
мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Ижара акысынын баштапкы
баасы 9764(тогуз миң жети жүз алтымыш төрт)сомду түзөт.
Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукциондор мэриянын кичи залында
2023-жылдын 26-июлунда саат 11:00дө ачык аукцион аркылуу өтөөрү
эскертилет.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 25-июль күнү саат
10:00гө чейин ММБнын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик
башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38,
байланыш телефону 2-34-41.