Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 2022-жылдын 6-октябрынашаар аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.

Жарыяланган датасы:

25.09.2022

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 2022-жылдын 6-октябрына шаар аймагынан жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.

№1 лот. Жалал-Абад шаарынын Курортный Подхоз аймагынан 5507,0 чарчы метр жер тилкеси 3 жылдык мөөнөт менен ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы жылына 550 сом.

№2 лот. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын Төш-Кутчу айылынан 2,97га жер тилкеси (айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жер аянты) ижарага берилет,баштапкы ижара акысы жылына 2970 сом.

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5%өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.

Конкурс 2022-жылдын 6-октябрында саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2022-жылдын 6-октябрына чейин кабыл алынат.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 5-40-63.

  Кароолор (258)