Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

14.01.2026

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт.

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт.

Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 -биринчи этап-документтерди кароо; 

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө; 

-үчүнчү этап-аңгемелешүү. 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: 

Иш стажы: 1) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: – жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы; 

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: 

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 Билими: 1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: -жогорку билими бар.

 1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: -жогорку билими бар. 

Жалпы мыйзамдарды билүү: 

1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы; КРнын Эмгек кодекси; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы; КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы; КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз; 

кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок) 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт; 

резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 

өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); 

нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); 

ден соолугу боюнча № 086 тактама; 

соттолбогондугу жөнүндө тактама; 

паспорттун көчүрмөсү. 

Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын https://www.jalal-abad.gov.kg/ веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт. 

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9:00дөн 18:00гө чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү 6, 3-кабат

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет (уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү). (уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү).

  Кароолор (62)