Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кээ бир муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүүгө чектөө (мораторий) киргизүү жөнүндө
Жарыяланган датасы:
19.03.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кээ бир муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүүгө чектөө (мораторий) киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бѳлүгүнүн негизинде жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын 2025-жылдын 15-февралындагы №01-3/205 сандуу катына ылайык буйрук кылам: 1. Жалал-Абад шаарынын: - Т.Байзаков проспектисиндеги; - А.Пушкин, Ю.Абдрахманов көчөлөрүндөгү; -Жеңиш, Токтогул, Т.Байзаков, Н.Карыбеков атындагы жана Россия-Кыргызстан Достук эс алуу бактарындагы; - Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт дарыясынын жээгиндеги; - Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагынын флагштокко чыкчу жолдун жээктериндеги жана айланасындагы муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотулсун. 2. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге инвентаризация жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган муниципалдык жер тилкелерге ижара келишимин түзүүгө чектөө (мораторий) таратылбасын. 3. Буйрукту аткаруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Ж.М.Бөрүкуловго милдеттендирилсин. 4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.