Аукциондор жана конкурстар

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгы конкурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

28.04.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык

башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине

киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт
Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү
кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт;
Билими:
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
 КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
3) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык
талаптар:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
Кесиптик компетенттүүлүгү
Билими:
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Башкы адис:
 КРнын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
 КРнын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы;
 КРнын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы.
2) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Социалдык боюнча жетектөөчү адис:
 КРнын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы:
 КРнын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
 КРнын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
Жетектөөчү адис-жер адис:
 КРнын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
 КРнын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамы;
 КРнын Жер Кодекси;

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

 конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
 кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
 резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
 өмүр баяан (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо)
ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
 нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар
болсо);
 ден соолугу боюнча № 086 тактама;
 илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
 паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg веб-сайтына чыккан
күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30
гѳ чейин Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктын имаратында кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгы
К.Кыдыров көчөсү №74 2-кабат 1-кабинет. тел: (03722) 6-02-08

  Кароолор (23)