Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине ачык конурс жарыялайт.
Жарыяланган датасы:
18.10.2024
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине ачык конурс жарыялайт.
Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт.
Билими:
1) Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: -жогорку билими бар.
1) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: -жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
КРдин Конституциясы;
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы;
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы;
"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы;
КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
3) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: КРдин Конституциясы;
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;
Кесиптик компетенттүүлүгү
Билими:
1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
КРдин Жер Кодекси;
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
КРдин “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы.
1)Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
КРдин Жер Кодекси;
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
КРдин "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы;
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү.