Аукциондор жана конкурстар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Жарыяланган датасы:

16.07.2025

Жалал-Абад шаарынын мэриясы Жалал-Абад шаарынын Туусун жана Гербин өзгөртүү, Шаардык кеңештин эмблемасын түзүү боюнча ачык

                                 Конкурс жарыялайт

Конкурс 2025-жылдын 16-июлунан башталып, 2025-жылдын 5-августуна чейин эскиздерди кабыл алат.

Жеңүүчүлөргө алкыш баракчалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат:

  - Жалал-Абад шаарынын туусу – 150 000 (жүз элүү миң) сом;

- Жалал-Абад шаарынын герби – 150 000 (жүз элүү миң) сом; 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин эмблемасы – 150 000 (жүз элүү миң) сом;

           Жалпы сыйлоо фонду: 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом.

Конкурска катышуу үчүн иштерди тапшыруу, коюлуучу талаптар менен таанышуу жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылышат:

  • Жалал-Абад шаарын Ж.Бакиев көчөсү №38, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, 2-кабат.
  • Байланыш телефону: 0(3722)5-08-83, 5-42-34
  • Электрондук почта: jalalabad_meriya@mail.ru 
  Кароолор (57)