Аукциондор жана конкурстар

Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

19.03.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине 

киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

 

                Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 

-биринчи этап-документтерди кароо;

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

 

Билими:

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:               

-жогорку билими бар.

1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:            

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

 

2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

3) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;

 

Кесиптик компетенттүүлүгү

Билими:

 

  1. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

 

Башкы адис:

  • КРнын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы.
  1. Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

 

Социалдык боюнча жетектөөчү адис:

  • КРнын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы:
  • КРнын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

 

Жетектөөчү адис-жер адис:

  •  КРнын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын Жер Кодекси;

 

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
  • 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 
  • өмүр баяан (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • ден соолугу боюнча № 086 тактама;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

 

                Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 

                Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ  чейин Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын имаратында  кабыл алынат.

 

             Дареги: Жалал-Абад шаары, Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгы К.Кыдыров 71  2-кабат 1-кабинет. тел: (03722) 6-02-08

 

 

  Кароолор (52)