Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык жер тилкени ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

26.02.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик
башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2024-жылдын 28-
мартына муниципалдык жер тилкени ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй
шартта конкурс жарыялайт:
1-лот.Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнөн 50,0 чарчы метр жер
тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта дарыкана
ачып иштетүү максатында 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы
ижара акысы айына 1856 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө
кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2024-жылдын 28-мартында саат 14:00до Жалал-Абад
шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2024-
жылдын 26-марты, саат 16:00гө чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык
менчик башкармалыгына кайрылыңыздар.

 Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38,
байланыш телефону 5-40-63.

  Кароолор (150)