Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

18.12.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2024-жылдын 18-январына муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт: 

1-лот.Жалал-Абад шаарынын Ш.Абдраманов көчөсүнөн 240,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 3 370 сом. 

2-лот.Жалал-Абад шаарынын Э.Зияйдинов көчөсүнөн 1350,0 чарчы метр жер тилкеси жашылдандыруу багытында жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болбогон шартта 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 270 сом. 

3-лот.Жалал-Абад шаарынын Аюб-Тоо кыркасынын Курортный көчөсүнөн 961,6 чары метр жер тилкеси үйсүз, кароосуз калган үй жаныбарларын кароо, дарылоо жүргүзүү максатында жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта 5 жылга ижарага берилет. 

Баштапкы ижара акысы айына 13 501 сом. Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

Конкурс 2024-жылдын 18-январында саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2023-жылдын 17-январына чейин кабыл алынат.

 Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 5-40- 63

  Кароолор (132)