Аукциондор жана конкурстар
Муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
Жарыяланган датасы:
15.05.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2023-жылдын 15-июнуна муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
1-лот.Жалал-Абад шаарынын Высотный көчөсүнөн 1200,0 чарчы метр жер тилкеси жашылдандыруу багытында жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болбогон шартта 1 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 1000сом.
2-лот. Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнөн 105,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта дарыкана куруп иштетүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2 952 сом.
3-лот. Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинен 45,0 чарчы метр жер тилкеси тигүү цехин ачып иштетүү шартында 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 1519 сом.
4-лот. Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнөн 45,50 чарчы метр жер тилкеси дүкөн ачып иштетүү шартында 3 жылга ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 1536 сом.
5-лот.Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын К.Кыдыров көчөсүнөн 140,0 чарчы метр жер тилкеси соода сатык жүргүзүү үчүн жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартында 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы 1966 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2023-жылдын 15-июнунда саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2023-жылдын 15-июнуначейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 5-40-63.