Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2024-жылдын 24- апрелине муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

25.03.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик
башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2024-жылдын 24-
апрелине муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй
шартта конкурс жарыялайт:


1-лот.Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнөн 12,0 чарчы метр
жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта 3
жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 445 сом.


2-лот.Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан
30,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон
шартта 3 жылдык мөөнөткө соода сатык жүргүзүү максатында ижарага
берилет. Баштапкы ижара акысы айына 1 417 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө
кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.


Конкурс 2024-жылдын 24-апрелинде саат 14:00до Жалал-Абад
шаарынын мэриясынын чоң залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2024-
жылдын 23-апрели, саат 16:00гө чейин кабыл алынат.


Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык
менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38,
байланыш телефону 5-40-63.

  Кароолор (162)