Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык менчик башкармалыгы  Жалал-Абад шаарынын  аймагынан 2023-жылдын  6-июлуна муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

05.06.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы  Жалал-Абад шаарынын  аймагынан 2023-жылдын   6-июлуна муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

1-лот.Жалал-Абад шаарынын Ж.Жусупбеков көчөсүнөн 150,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги дүкөн куруп иштетүү шартында3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2 952 сом. 

2-лот. Жалал-Абад шаарынын Бахор багбанчылык чарба жүргүзүү шериктештигинин жер аянттары менен чектеш турган борбордук көчө аралыгындагы 192,00 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта соода сатык жүргүзүү максатында3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 3 779 сом.

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5%  өлчөмүндө комиссиялык жыйым  төлөөсү шарт.

            Конкурс 2023-жылдын 6-июлунда  саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2023-жылдын 6-июлуначейин кабыл алынат.

                     Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 5-40-63.            

 

 

Башчы                                                                                 Ж.Бөрүкулов

 

  Кароолор (151)