Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык менчик башкармалыгы  Жалал-Абад шаарынын  аймагынан 2023-жылдын  27-апрелине муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

28.03.2023

 

            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы   Жалал-Абад шаарынын  аймагынан 2023-жылдын   27-апрелине муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:

1-лот.Жалал-Абад шаарынын Нооруз эс алуу багынан 463,7 чарчы метр жер тилкеси  жеңил типтеги кафе куруп иштетүү шарты менен 5 жылдык мөөнөткө  ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына  15 650сом. 

2-лот. Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнөн 105,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш курууга мүмкүн болгон шартта дарыкана куруп иштетүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2 952 сом.

3-лот. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнөн 4,5 чарчы метр жер тилкеси банкомат орнотуу шартында ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 190 сом.

Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5%  өлчөмүндө комиссиялык жыйым  төлөөсү шарт.

            Конкурс 2023-жылдын 27-апрелинде  саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2023-жылдын 26-апрелинечейин кабыл алынат.

                     Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 5-40-63.            

 

 

Башчы                                                                                 Ж.Борукулов

  Кароолор (166)