Аукциондор жана конкурстар
Муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 2022-жылдын 20-октябрына муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
Жарыяланган датасы:
25.09.2022

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгыЖалал-Абад шаарынын аймагынан 2022-жылдын 20-октябрына муниципалдык жер тилкелерди ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт:
1-лот.Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнөн 460,0 чарчы метр жер тилкесине медициналык клиника куруу шарты менен 25 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Башталгыч ижара акысы айына 9053 сом.
2-лот.Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык автоунаа базарынын ичинде жайгашкан 30,4 чарчы метр жер тилкеси, Капиталдык курулуш Департаменти тарабынан даярдалган долбоорго ылайык, заманбап ажаткана куруу шарты менен 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 598 сом.
3-лот. Жалал-Абад шаарынын Нооруз эс алуу багынан 835,2 чарчы метр жер тилкесине чакан кафе ачып иштетүү шарты менен 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет.Баштапкы ижара акысы айына 23 477 сом.
4-лот. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнөн 60,0 чарчы метр жер тилкеси жеңил типтеги курулуш куруу менен соода сатык кылууга мүмкүн болгон шартта 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 2025 сом.
5-лот.Жалал-Абад шаарынын Жамашев көчөсүнөн 900,0 чарчы метр жер тилкеси жашылдандыруу багытында, курулуш курууга мүмкүн болгон шартта 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 216 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5%өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсүшарт.
Конкурс 2022-жылдын 20-октябрында саат 14:00до Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. Конкурска арыздар 2022-жылдын 20-октябрына чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ж.Бакиев көчөсү №38, байланыш телефону 5-40-63.