Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү имараттагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча аукцион жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

06.10.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик
башкармалыгы төмөндөгү имараттагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага
берүү боюнча аукцион жарыялайт:


№1 лот. Жалал-Абад шаарынын Промзона аймагында жайгашкан
сарайдын 366,0 чарчы метрди түзгөн Г бөлүгүн убактылуу 5(беш) жылдык
мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Ижара акысынын баштапкы
баасы 9764(тогуз миң жети жүз алтымыш төрт)сомду түзөт.
№2 лот. Жалал-Абад шаарынын Мурзакул-Болуш көчөсү Курорт
аймагынын кире беришинде жайгашкан 36 чарчы метрди түзгөн “Калпак”
типтеги муниципалдык аялдаманын 18 чарчы метр жер тилкеси аукцион
аркылуу ижарага берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы
баасы 355(үч жүз элүү беш)сом. Аукциондун жеңүүчүсү муниципалдык
аялдаманы реконструкциялоо учурунда макулдашуу менен Кыргыз улуттук
этнографиялык колоритде курулуш жүргүзүүсү шарт.
№3 лот. Т.Тайгараев а-бсынын Д.Баев көчөсү №1/2 дарегинде
жайгашкан муниципалдык кампанын В бөлүгүндөгү 151,3 чарчы метр болгон
№5 бөлмөсүн убактылуу 5(беш) жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага
берилет. Ижара акысынын баштапкы баасы 1656(бир миң алты жүз элүү
алты)сомду түзөт.
№4 лот. Жалал-Абад шаарынын М.Исакулов көчөсү №3 дарегинде
жайгашкан муниципалдык имараттардын В бөлүгүндөгү 52,1 чарчы метр
болгон бөлмөсүн убактылуу 5(беш) жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу
ижарага берилет. Ижара акысынын баштапкы баасы 2673(эки миң алты жүз
жетимиш үч)сомду түзөт.

Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукциондор мэриянын кичи залында
2023-жылдын 09-ноябрында саат 11:00дө ачык аукцион аркылуу өтөөрү
эскертилет.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 08-ноябрь күнү саат
10:00гө чейин ММБнын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик
башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38,
байланыш телефону 2-34-41.

  Кароолор (141)