Аукциондор жана конкурстар
Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү имараттагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча аукцион жарыялайт:
Жарыяланган датасы:
04.09.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү имараттагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча аукцион жарыялайт:
№1 лот. Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78 чарчы метр ал эми кошумча аянты 117,74 чарчы метр болуп жалпысы 237,52 чарчы метрди түзгөн 2-кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен 5(беш) жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы баасы 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки)сом.
№2 лот. Жалал-Абад шаарынын Промзона аймагында жайгашкан сарайдын 366,0 чарчы метрди түзгөн Г бөлүгүн убактылуу 5(беш) жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Ижара акысынын баштапкы баасы 9764(тогуз миң жети жүз алтымыш төрт)сомду түзөт.
Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукциондор мэриянын кичи залында 2023-жылдын 04-октябрында саат 11:00дө ачык аукцион аркылуу өтөөрү эскертилет.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 03-октябрь күнү саат 10:00гө чейин ММБнын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 2-34-41.