Аукциондор жана конкурстар
Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү эски муниципалдык имараттарды сатуу үчүн аукцион жана муниципалдык бөлмөнү ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт:
Жарыяланган датасы:
10.10.2024

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү эски муниципалдык имараттарды сатуу үчүн аукцион жана муниципалдык бөлмөнү ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт:
№1лот. Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт аймактык башкаруу мекемесинин аймагында жайгашкан Телтору ат майданынын эски имараттары аукцион аркылуу сатылат. Эски имараттардын баштапкы баасы 4 752 171 сом.
№2лот. Жалал-Абад шаарынын Промзона №3-и дарегинде жайгашкан АБЗ мекемесинин эски имараттары, курулмалары жана жабдуулары аукцион аркылуу сатылат. Эски имараттардын баштапкы баасы 4 903 802 сом.
№3 лот. Т.Байзаков проспектисиндеи ТОРУ соода борборунун бет маңдайында жайгашкан асма көпүрөнүн (мост) күн чыгыш тарабындагы бөлмө 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Ижара акысынын баштапкы баасы 2000 (эки миң) сом Жогорудагы өткөрүлө турган аукцион жана конкурс Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 2024-жылдын 16-октябрь саат 11:00дө өтөөрү эскертилет. Конкурска катышуу үчүн арыздар 2024-жылдын 15-октябрына чейин Муниципалдык менчик башкармалыгынын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылууга болот.
Дареги: Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 2-34-41. Башчынын у.м.а Э.К.Омошов