Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык менчик башкармалыгы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү жана муниципалдык турак үйдүн үстүнө кошуп куруу боюнча аукцион жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

10.04.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү имараттардагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү жана муниципалдык турак үйдүн үстүнө кошуп куруу боюнча аукцион жарыялайт:

№1лот.Жалал-Абад шаарынын Промзона участкасында жайгашкан муниципалдык (автогараж) В имаратынын 244,20 чарчы метрин түзгөн бөлмөлөр убактылуу 4 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы баасы 5975 (беш миң тогуз жүз жетимиш беш)сом.

№2 лот. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсү №135 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу муниципалдык турак-жайга кошумча 2 кабат (4-5-кабаттарды) турак жай кошуп курууга жарыя берилет. Кошумча курула турган турак жайдын жалпы пайдалуу аянтынан муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү аянтынын баштапкы пайызы 20% башталат. 

Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукциондор мэриянын кичи залында 2023-жылдын 11-майында саат 11:00дө ачык аукцион аркылуу өтөөрү эскертилет.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 10-май күнү саат 10:00гө чейин ММБнын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын  Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 2-34-41.

 

 

Башчы                                                                         Ж. Борукулов

  Кароолор (132)