Аукциондор жана конкурстар

Муниципалдык менчик башкармалыгы аукцион жарыялайт

Жарыяланган датасы:

22.12.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык нан бышыруучу цехтин жабдууларын сатууга, жана муниципалдык имараттагы бөлмөлөрдү ижарага берүүгө, ошондой эле муниципалдык жер тилкени аукцион аркылуу көп кабаттуу турак жай курууга аукцион жарыялайт: 

№1 лот. Жалал-Абад шаарынын Пионерский көчөсүнүн №6 дарегиндеги жайгашкан нан бышыруучу (пекарный) цехтин пайдаланылган жабдуулары аукцион аркылуу сатылат. Аукциондун баштапкы баасы 3 092 498 (үч миллион токсон эки миң төрт жүз токсон сегиз) сом. 

№2 лот. Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов көчөсү №3/3 дарегинде жайгашкан “Кыпчак-Ордо” муниципалдык имаратынын 1-кабатынын жалпы аянты 482,5 чарчы метри, “Тигүү цехи” катары иштетүүгө аукцион аркылуу ижарага берилет. Аукциондун баштапкы баасы 17 162 (он жети миң бир жүз алтымыш эки) сом.

№3 лот. Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2000,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине көп кабаттуу турак жай курууга аукцион берилет. Курулган көп кабаттуу турак жайдан муниципалдык менчикке берилүүчү имараттын аукционго берилүүчү баштапкы пайыздык ченеми 10% менен бекитилген жана муниципалдык менчикке берилүүчү имараттын 50% 2,3-кабатынан батир түрүндө, ал эми 50% биринчи кабатынан турак жай эмес шартта имарат катары алынат. Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукциондор мэриянын кичи залында 2024-жылдын 25-январында саат 11:00дө ачык аукцион аркылуу өтөөрү эскертилет. 

Чыг. № 01-11/1497, 18.12.2023 Кол койгон: Борукулов Ж.М., 18.12.2023

 Аукционго катышуу үчүн арыздар 2024-жылдын 24-январына чейин Муниципалдык менчик башкармалыгынын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат. 

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар.

 Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 2-34-41.

  Кароолор (62)