Аукциондор жана конкурстар
Муниципалдык менчик башкармалыгы аукцион жарыялайт
Жарыяланган датасы:
13.05.2023

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү имараттагы бөлмөлөрдү аукцион аркылуу ижарага берүү, муниципалдык турак үйдүн үстүнө кошуп куруу жана муниципалдык аялдамалардын жер тилкелерин ижарага берүү боюнча аукцион жарыялайт:
№1лот. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсү №135 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу муниципалдык турак-жайга кошумча 2 кабат (4-5-кабаттарды) турак жай кошуп курууга жарыя берилет. Кошумча курула турган турак жайдын жалпы пайдалуу аянтынан муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү аянтынын баштапкы пайызы 20% башталат.
№2 лот.Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78 чарчы метр ал эми кошумча аянты 117,74 чарчы мтер болуп жалпысы 237,52 чарчы метрди түзгөн 2-кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен аукцион аркылуу жарыяга берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы баасы 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки)сом.
№3 лот.Жалал-Абад шаарынын Мурзакул-Болуш көчөсү Курорт аймагынын кире беришинде жайгашкан 36 чарчы метрди түзгөн “Калпак” типтеги муниципалдык аялдаманын 18 чарчы метр жер тилкеси аукцион аркылуу ижарага берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы баасы 355(үч жүз элүү беш)сом. Аукциондун жеңүүчүсү муниципалдык аялдаманы реконструкциялоо учурунда макулдашуу менен Кыргыз улуттук этнографиялык колоритде курулуш жүргүзүүсү шарт.
№4 лот. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсү “Чер.мет.” ишканасынын алдында жайгашкан 36 чарчы метрди түзгөн муниципалдык аялдаманын 18 чарчы метр жер тилкеси аукцион аркылуу ижарага берилет. Айына төлөнүүчү ижара акы төлөмүнүн баштапкы баасы 606(алты жүз алты)сом. Аукциондун жеңүүчүсү муниципалдык аялдаманы реконструкциялоо учурунда макулдашуу менен жеңил типтеги курулуш жүргүзүүсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган ачык аукциондор мэриянын кичи залында 2023-жылдын 15-июнунда саат 11:00дө ачык аукцион аркылуу өтөөрү эскертилет.
Аукционго катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 14-июнь күнү саат 10:00гө чейин ММБнын мүлк бөлүмүндө кабыл алынат.
Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев 38, байланыш телефону 2-34-41.