Аукциондор жана конкурстар
Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
30.12.2025
Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Манас шаарынын аймагындагы 2026-жылдын 30-январына муниципалдык эски имаратты аукцион аркылуу сатууга жана мүлктү конкурс аркылуу ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта жарыя берилет.
№1 ЛОТ. Манас шаарынын Ж.Бакиев көч. №15/1 дарегинде жайгашкан Манас шаардык билим берүү башкармалыгынын эски имаратын жана Эркиндик көч. №24а дарегинде жайгашкан Жалал-Абад облустук М.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин эски имаратын буздуруу жана жер тилкесин тазалоо шарттары менен аукцион аркылуу сатылат. Баштапкы баа 136 400 (бир жүз отуз алты миң төрт жүз) сом.
№2 ЛОТ. Муниципалдык Борбордук базарда соода жүгүртүү үчүн 3,96 чарчы метр жер 1 (бир) жылга конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы баа 2495 сом.
№3 ЛОТ. Манас шаарынын Т.Тайгараев атын.м.а.б. караштуу Качкынчы айылынын Чапкындык көч.№22к дарегиндеги (мурдагы тери-венерологиялык диспансери) 20 719,8 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты 2 319,0 чарчы метрди түзгөн эски муниципалдык имараттары жана курулмалары конкурс аркылуу сатылат, жер тилкесин тазалоо шарттары менен. Баштапкы баасы 213 338 (эки жүз он үч миң үч жүз отуз сегиз) сом болду.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурс Манас шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2026-жылдын 30-январында өтөөрү эскертилет. Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда 2026-жылдын 29-январына саат 12:00гө чейин кабыл алынат. Суроолор боюнча Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мулк башкармалыгына кайрылыңыздар.