Аукциондор жана конкурстар
Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
25.11.2025
Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Манас шаарынын аймагында муниципалдык имараттарды ижарага берүү максатында 2025-жылдын 25-декабрына төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.
№1-лот. Манас шаарынын аймагынан Т.Байзаков проспектиси менен Н.Айтматова көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер асты менен өтүүчү өтмөктүн №12-бөлмөсү 3 (үч) жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы баа 9000 (тогуз миң) сом.
№2-лот. Манас шаарынын Т.Байзаков атындагы эс алуу багында жайгашкан “Данек” балдар ойноочу борборунун ичинен 45,0 чарчы метрди түзгөн бөлүгү, убактылуу 1 (бир) жылдык мөөнөткө (тамак аш даярдоого болбогон шартта) конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы баа 3791 (үч миң жети жүз токсон бир) сом.
№3-лот. Манас шаарынын Пушкин көчөсүндөгү 41,8 чарчы метрди түзгөн бөлмө (мебельный цех катары иштетүү максатында гана), убактылуу 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы баа 723 (жети жүз эки жүз жыйырма үч) сом. Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурстар Манас шаарынын мэриясынын кичине жыйындар залында 2025-жылдын 25-декабрына күнү саат 14:00дө өтөөрү эскертилет.
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 24-декабрь күнү саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат. Суроолор боюнча Манас шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги: Манас шаары, Абдрахманова көчөсү №6 (жаңы административдик имарат), байланыш телефону 0776 36-92-03.
Жогорудагы маалыматты Манас шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырып берүүнүздү суранабыз.