Аукциондор жана конкурстар

Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы конкурс жарялайт

Жарыяланган датасы:

17.11.2025

Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Манас шаарынын аймагынан 2025-жылдын 22-ноябрына муниципалдык имараттарды ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.

 №1 лот. Курорт аймагында жайгашкан муниципалдык 2 кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 119,78 чарчы метр, жалпысы 237,52 чарчы метр түзгөн 2- кабатындагы бөлмөлөр, коридор, тепкич жана санузелдери менен 3(үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. 

Баштапкы ижара акысы айына 9532 (тогуз миң беш жүз отуз эки) сом. Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

Жогорудагы өткөрүлө турган конкурс Манас шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2025-жылдын 21- ноябрында өтөөрү эскертилет.

 Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда 2025-жылдын 20-ноябрына саат 11:00гө чейин кабыл алынат.

 Суроолор боюнча Манас шаарынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыздар. № 01-7/1424, 28.10.2025 Кол койгон: Эргешов С.К., 28.10.2025

 Дареги Ю.Абдрахманова 6,байланыш телефону 0776 36-92-03  М

  Кароолор (73)