Аукциондор жана конкурстар

Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

04.12.2025

Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

 

 

Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине 

киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

 

                Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 

-биринчи этап-документтерди кароо;

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

– жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Билими:

1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:           

-жогорку билими бар.

1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:               

-жогорку билими бар.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамы;
  3. КРнын Эмгек кодекси;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  7. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  9. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  10. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  6. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  1. конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  2. кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
  3. 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
  4. резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 
  5. өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  6. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  7. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  8. ден соолугу боюнча № 086 тактама;
  9. соттолбогондугу жөнүндө тактама;
  10. паспорттун көчүрмөсү.

 

      Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын https://www.jalal-abad.gov.kg/ веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9:00дөн 18:00гө чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат. 

   Дареги: Манас шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү 6, 3-кабат,(уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү). (уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмү).

 

  Кароолор (39)