Аукциондор жана конкурстар

Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү конкурс жарыялайт.

Жарыяланган датасы:

29.10.2025

Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү  конкурс жарыялайт.

 Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

-биринчи этап-документтерди кароо;

 -экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

 -үчүнчү этап-аңгемелешүү. 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: 

Иш стажы:

 административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

 – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 

Билими: Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

 -жогорку билим Жалпы мыйзамдарды билүү, алар: 

• КРдин Конституциясы; • "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы; 

• "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы; 

• Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы; № 01-10/1985,

 28.10.2025 Кол койгон: Омошов Э.К., 28.10.2025 

• "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы; 

• "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы; 

• КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн: 

• КРдин Жер Кодекси; • Укук бузуулар Кодекси. 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

 -конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;

 -кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)

 -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

 -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); 

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

 -нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

 -илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; -паспорттун көчүрмөсү. 

Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg вебсайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт. 

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ чейин Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын имаратында, документтик камсыздоо жана каттоо бөлүмүндө кабыл алынат. 

Дареги: Манас шаары, Ю.Абдрахманов к.6, тел:

  Кароолор (38)