Аукциондор жана конкурстар
Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
27.11.2025
Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн сиз жетектеген борбор аркылуу ачык конурс жарыялайт.
Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Билим: Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
-жогорку билим Жалпы мыйзамдарды билүү,алар:
• КРдин Конституциясы;
• "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы;
• "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
• Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;
• "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы; № 01-10/2158, 25.11.2025 Кол койгон: Бөрүкулов Ж.М., 25.11.2025
• "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы;
• КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
• КРдин Жер Кодекси;
• Укук бузуулар Кодекси.
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок) -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; -паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg вебсайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ чейин Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын имаратында, документтик камсыздоо жана каттоо бөлүмүндө кабыл алынат.
Дареги: Манас шаары, Ю.Абдрахманов к.6, тел: (03722) 5-10-69.