Аукциондор жана конкурстар
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине конкурс жарыялайт .
Жарыяланган датасы:
07.02.2024

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине конкурс жарыялайт .
Улук административдик муниципалдык башкы адис-юрист кызматынын ички кадрлар резервине киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАП: Иш стажы: -административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн: жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. Билими: -жогорку билими бар. Жалпы мыйзамдарды билүү: КРдин Конституциясы; "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы; "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы; Чыг. № 01-7/55, 29.01.2024 Кол койгон: Борукулов Ж.М., 29.01.2024 Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы; "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы; "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы; КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Негизги мыйзамдардын билүү: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси; Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы.
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ: -конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; -паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя Жалал-Абад шаардык мэриясынын jalal-abad.gov. kg -сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт. Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 08:30дан 17:30га чейин Муниципалдык менчик башкармалыгынын жалпы бөлүмүндө кабыл алынат. Дареги:Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, Муниципалдык менчик башкармалыгы, 1-кабат, жалпы бөлүм.