13 сентябрь 2023
Кароолор: (58)
Жалал-Абад шаарынын жаш спортчулары Ташкентте өткөн дүйнөлүк чемпионатта ийгилик менен кайтышты
Үстүбүздөгү жылдын 7-10 сентябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында спорттун “Каратэ-До” түрү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ага Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Жалал-Абад шаарынан 8 спортчу барып, ийгилик менен кайтышты.
12-сентябрда жаш спортчуларды, алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин депутаты Уулкан Кожоева куттуктап, ыраазычылыктарын билдиришти.
Аталган чемпионатта 11-12 жаш курактагы кыздар арасында Камила Саидмаматова, Амина Осмоналиева 1-орунду, ал эми 14-15 жаш курактагы кыздар арасында Жаркынай Эрнисова 3-орунду ээлеген. Өспүрүмдөр арасында Умар Талантбеков 1-орунду ээлеп чемпион болсо, чоңдор арасында Нурдөөлөт Бакиров 1-орунду, ал эми Эрхан Жаныбеков жана Бекжан Калыков 2-орунду, Нурмухамед Турсунов 3-орунду багындырды.
Белгилей кетсек, жалпысынан 31 мамлекеттин спортчулары катышкан чемпионатта медалдардын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз