22 июнь 2023

Кароолор: (101)

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди

 Бүгүн, 22-июнь күнү Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мэриянын уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова, “Славян Диаспора” ассоциациясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу генералдык консулунун өкүлү Бахтин Константин, курман болгондордун жакындары, аскер кызматкерлери катышты.

 Эскерүү иш-чарасынын алкагында согуш учурунда жарадар болуп, Жалал-Абад шаарына дарылоо үчүн жиберилип, тилеке каршы каза болуп калган подполковник Голубаев Геннадий Петрович, ротанын командири, капитан Восковой Павел Иосефович, катардагы жоокерлер Васецкий Виталий Андреевич, Королев Сергей Иванович жана Николай Кириенколорго арнап тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду.

 Эске салсак, 1941-жылы, 22-июнь күнү Германия СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.