11 ноябрь 2023
Кароолор: (30)
ЛОТЕРЕЯНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 11-ноябрда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган “Чек талап кылып, байге утуп ал!” социалдык лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы Эркинбек Мамаюсупов жана лотереянын жеңүүчүлөрүкатышты .
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: "Бул лотереяны уюштуруудан негизги максат – жарандардын ККМ чекти талап кылууга болгон кызыгуусун арттыруу менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп саналат",- деп белгиледи. Ошондой эле аталган лотереяны келерки жылы да уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, республикалык деңгээлде өткөрүлүп келген "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы аймактардын арасынын алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында уюштурулду. Анда 5 миң сомдон 100 миң сомго чейинки белектер ойнотулуп, 129 жеңүүчү аныкталган.
Лотереянын байге фонду үчүн жергиликтүү казынадан 1 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз